ЖРТ-2019: Тоңдогу Б.Алаков мектебинин жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар берилди

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы Б.Алаков орто мектебинин жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алгандарга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн класс жетекчиси Динара Чойбашева билдирди.

«Биздин мектепти быйыл 23 окуучу аяктады. Анын 18и ЖРТда босого упайдан өтө алышты. Мектебибиз боюнча эң көп упай 206ны түзүп, аны Сыргажан Тентимишова деген бүтүрүүчүбүз топтоду. Ал буга чейин райондогу 30 мектептин ичинен «Жыл окуучусу» сынагында биринчиликти камсыз кылган. Ал эми ЖРТда алган упайы менен райондо 1-орунга, облус боюна 2-орунга татыды.

Андан сырткары, Керим Медербеков 188 упай жана Динара Асанакунова 179 упай алышты.

Биздин мектепте «Кудайменде» коомдук бирикмеси уюштулган. Ар бир окуучу ай сайын 20 сомдон төлөп турушат. Чогулган акчага мектептке жана окуучуларга керектүү нерселер алынат. Ушул эле чогулган акчадан ЖРТдан 150дөн жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди. Аталган камкорчулук кеңешин биздин мектептин соц.педогогу Гүлзада Тентимишева жетектейт», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up