Кара-Балтадагы №6 мектеп-гимназиянын 7 бүтүрүүчүсү быйылкы окуу жылында бир топ ийгиликтерди жаратышты

Билим АКИpress - Кара-Балта шаарындагы №6 мектеп-гимназиясын быйылкы окуу жылында 30 окуучу аяктады. Алардын ичинен 7 окуучу билим жаатында ийгиликтерди жаратышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин мугалимдери билдиришти.

«Бүтүрүүчүлөрдүн арасынан Айтурган Умаралиева «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду. Мадинат Тахаутдинова — орус тили жана адабияты боюнча республикалык олимпиаданын байге ээси, Ищенко Анастасия жана Ли Елена — «FLEX» программасынын жеңүүчүлөрү, Ксения Гребенова — Россия элчилиги уюштурган дилбаян сынагынын жеңүүчүсү, Богдан Роменский — англис тили боюнча облустук олимпиаданын жеңүүчүсү, Николь Павел — орус тили жана адабияты боюнча облустук олимпиаданын байге ээси, Айза Рыспекова — республикалык сүрөт сынагынын жеңүүчүсү», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up