ЖРТ-2019:: Жогорку упай топтоп, «Алтын тамганын» ээси болгон Ибрагим 10 миң сом сыйлык алды

Билим АКИpress - Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү аттестат алып, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай топтогон окуучуга акчалай сыйлык тапшырылды.

Чаткал райондук администрациясынан билдиришкендей, райондогу С.Байдөөлөтов, А.Баймырзаев, Исмаил уулу Матиш жана Т.Жаналиев атындагы орто мектептердин 68 бүтүрүүчүсүнө аттестаттар берилди. Ал эми Эсенкул уулу Ибрагим жана Сапарбек кызы Элнура «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы бүтүрүүчүлөргө район акими Канжарбек Эшалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов жана мектеп директорлору тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан ЖРТдан 150дөн жогорку упайларда алган 14 окуучуга 2 миң сомдон акчалай сыйлык берилди. Ал эми район боюнча эң жогорку 208 упай топтогон Эсенкул уулу Ибрагимге 10 миң сом ыйгарылды.

Чаткал районунда быйыл 288 окуучу мектепти аяктады. ЖРТга катышкан 241 окуучунун ичинен 145 бүтүрүүчү босого упайдан (110) өтүп, 39 окуучу 150дөн жогору упай топтогон.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up