Аламүдүндөгү бүтүрүүчүлөргө күбөлүктөр жана аттестаттар тапшырылды

Билим АКИpress - Аламүдүн районундагы мектептерде 9-классты аяктаган 2 миң 93 окуучуга күбөлүк жана 11-классты аяктаган 931 окуучуга аттестат тапшырылды. Аймактык кабарчынын билдиргенине караганда, күбөлүк тапшыруу салтанаты райондогу 33 мамлекеттик жана 2 жеке менчик мектепте болду.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Динара Шеркулова кабарлагандай, мектептердеги бүтүрүүчүлөр кафе-ресторандарда, көңүл ачуучу жайларда эс алып же бул багытта акча чогулткан фактылар катталган жок.

«Биздин район боюнча Лебединовка №2 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Асел Мамытовага «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты тапшырылды. Ошондой эле мектепти жакшы аяктаган бүтүрүүчүлөр ардак баракчалар менен сыйланышты. Мыйзамсыз акча чогултуулар, кафе-ресторандарда көңүл ачуу фактылары катталган жок. Салтанаттуу иш-чаралар өтүп жаткан учурда күнү-түнү күзөт уюштурулду», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up