ЖРТ-2019: «Алтын сертификаттын» саны боюнча Баткен облусу өлкөдө 1-орунга чыкты
Билим АКИpress - 2018-2019-окуу жылында Баткен облусунда 5 миң 159 окуучу мектепти аякташты. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 8 бүтүрүүчү «алтын сертификат» алып, Баткен облусу Кыргызстан боюнча 1-орунга чыкты.
«Алтын тамга» артыкчылык аттестатына 24 окуучу ээ болуп, Кыргызстан боюнча аймактар арасында 1-орунду камсыз кылышкан.
Предметтик олимпиаданын жыйынтыгы боюнча облустар арасында Баткен облусу 2-орунду ээлесе, республика боюнча 4-орунда.
ЖРТнын жыйынтыгында орточо упай Баткен облусу боюнча 122 упайды түздү.
Баткен облусунун район-шаарларындагы ЖРТнын орточо упайы:
- Кызыл-Кыя шаарындагы 10 мектептеги жыйынтык 136 упай (эң жогорку орточо упай — 158, И.Раззаков лицейи);
- Сүлүктү шаарындагы 8 мектептин жыйынтыгы боюнча 129 упай (эң жогорку орточо упай —171, №9 гимназия мектеби);
- Баткен шаарындагы 9 мектептин жыйынтыгы боюнча 125 упай (эң жогорку орточо упай — 164, Баткен облустук гимназия мектеби);
- Баткен районундагы 39 мектептин жыйынтыгы боюнча 118 упай (эң жогорку орточо упай — 149, Самаркандек гимназия мектеби);
- Кадамжай районундагы 75 мектептин жыйынтыгы менен орточо упай — 117 (эң жогорку орточо упай алган Семетей лицейи);
- Лейлек районундагы 61 мектептин жыйынтыгы боюнча орточо упай — 104 (эң жогорку орточо упай — 175, №3 эксперименталдык гимназия мектеби).
Облус аймагындагы мектептер арасында ЖРТнын орточо упайынын жыйынтыгы боюнча 175 упай менен алдыңкы орунда Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиясы турат.
«Алтын сертификатка» ээ болгон 8 бүтүрүүчү:
1. Аида Боркулова (231 упай) — Лейлек районунун Исфана шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү;
2. Жеңишбек уулу Талантбек (231 упай) — Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүсү;
3. Сыдыкали уулу Жаныбек (229 упай) — Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүсү;
4. Маликов Сабырбек (226 упай) — Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүсү;
5. Икрамов Бакыт (223 упай) — Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү;
6. Салаев Кутманбек (223 упай) — Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүсү;
7. Эркинова Айзада (223 упай) — Сүлүктү шаарындагы Н.Кушматов атындагы №9 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү;
8. Сайпидин уулу Асан (221 упай) — Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүсү.
«Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээлери:
Баткен облустук Ч.Айтматов атындагы гимназия жатак мектебинин бүтүрүүчүлөрү:
- Алмазбек кызы Үмүтай;
- Суборов Акжол;
- Ташпулатова Айкөкүл;
- Өзбекова Адина;
- Эркинова Милана;
- Бабаева Ханзада;
- Имаралиева Мээржан;
- Эгембердиев Сыймык;
- Эргешалиев Бектемир — Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;
- Камалов Нурбек — Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;
Кадамжай районундагы А.Масалиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү:
- Дударек Анастасия;
- Эназарова Гүлзат;
- Жолчуев Канат — Кадамжай районундагы Б.Садыков атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;
Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүлөрү:
- Сайпидин уулу Асан;
- Акылбеков Акылбек;
- Садыков Жоомарт — Кадамжай районундагы Кадамжай лицейинин бүтүрүүчүсү;
Лейлек районундагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү:
- Маликова Чынара;
- Абдикаллах уулу Тагайбек;
- Эркинова Айзада — Сүлүктү шаарындагы Н.Кушматов атындагы №9 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү;
Баткен районундагы Ш.Токсонов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү:
- Жалалов Нурмухаммед;
- Мавлянкулов Нургазы;
- Авазбек кызы Акбермет — Баткен районундагы Самаркандек гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү;
- Кубанычбек кызы Дарыйка — Баткен районундагы Ж.Байжигитов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;
- Закиров Расул — Баткен районундагы Т.Садыков мектебинин бүтүрүүчүсү.
2018-2019-окуу жылындагы республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү:
- Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүсү Жеңишбек уулу Талантбек — информатика боюнча 2-орун. Мугалими — Арыстанов Талант Тавалдиевич;
- Кадамжай «Семетей» лицейинин бүтүрүүчүсү Момунов Апык — биология боюнча 3-орун. Мугалими — Асылбеков Азамат Асылбекович;
- Баткен облустук Ч.Айтматов атындагы гимназия жатак мектебинин бүтүрүүчүсү Бабаева Ханзада — кыргыз тили жана адабияты боюнча 3-орун. Мугалими — Абдрашитова Гүлсара;
- Баткен облустук Ч.Айтматов атындагы гимназия жатак мектебинин бүтүрүүчүсү Эгембердиев Сыймык — химия боюнча 3-орун. Мугалими — Эралиева Мавлюда Камаловна;
- Лейлек районундагы Токтогул атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Жамшитов Зулфизор — кыргыз тили жана адабияты боюнча 3-орун. Мугалими — Бердиева Гүлназ Абибиллаевна;
- Лейлек районундагы №3 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Ибрахимов Иса — биология боюнча 3-орун. Мугалими — Анаркулова Нарбүбү Газбековна;
- Лейлек районундагы Д.Карбышев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ташматов Тахир — география боюнча 3-орун. Мугалими — Абдурахманова Шарапат;
- Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинин бүтүрүүчүсү Акимжанов Жээнбек — англис тили боюнча 3-орун. Мугалими — Таштанкулов Азат Равшанович;
- Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү Зикиров Элмар — химия боюнча 3-орун. Мугалими —Юксел Түрк;
- Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейинин бүтүрүүчүсү Маматалиев Мелисбек — тарых боюнча 3-орун. Мугалими — Карпеков Расул Жыргалбекович;
- Баткен облустук Ч.Айтматов атындагы гимназия жатак мектебинин бүтүрүүчүсү Эркинова Милана — биология боюнча 5-орун. Мугалими — Орозбаева Саида;
- Баткен шаарындагы Баткен облустук Ч.Айтматов атындагы гимназия жатак мектебинин бүтүрүүчүсү Мавлянкулова Айпери — орус тили жана адабияты боюнча 5-орун. Мугалими — Амиралиева Лидия Дмитриевна.
«Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» аттуу эл аралык сынактын жеүүчүлөрү — Кадамжай райондук мектеп-лицейинин окуучулары:
- Жусубалиев Жоомарт;
- Бердикулова Таттыбүбү;
- Исраил уулу Элнур;
- Адиев Муххамедкадыр.
Даярдаган мугалимдери: Жусубалиев Калмамат, Момунов Султан.
Республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашында 1-орунду камсыз кылган Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин «Аккула» командасынын окуучулары:
- Имамали кызы Феруза;
- Акматов Ясин;
- Карагулова Санирабига.
Даярдаган мугалими — Абдрахманова Сагина Гыламидиновна.
Республикалык спорттук мелдештерден байгелүү орундарды алган окуучулар:
- Курбанбеков Баястан. Машыктыруучусу — Абдуллаев Дастан;
- Тажидинов Мухамед. Машыктыруучусу — Таабалдиев Абдрашитов;
- Жалалидинов Ахмед. Машыктыруучусу — Аширов Азамат;
- Мансурбек уулу Марлесбек. Машыктыруучусу —Абдуллаев Нурдастан.
Мыкты мугалимдер:
- КРнын Эмгек синирген мугалими, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназия мектебинин директору Мадеминов Гапыр Маматкулович. 2018-жылдын 5-сентябрында «Айыл мектептеринде ата-энелердин педагогикалык маданиятын өнүктүрүүнүн педагогикалык шарттары» аттуу диссертациясын жактап, педагогика илимдеринин кандидаты наамын алды. Баткен облусунда орто мектептердин мугалимдеринин ичинен биринчи жолу илим изилдөө иштерин жүргүздү;
- «Мугалим — коомдун күзгүсү» аттуу республикалык сынакта 2-орунду камсыз кылган Лейлек районундагы Н.Батыров атындагы орто мектебиндеги орус тили жана адабияты мугалими, «Акылман» окуу борборунун окутуучусу Улукбек уулу Сейдали;
- «Мугалим — коомдун күзгүсү» аттуу республикалык сынакта 3-орунду камсыз кылган Баткен шаарындагы Кызыл-Жол орто мектебинин, Баткен аймактык колледжинин, «Тенсай» окуу борборунун мугалими Жалилова Гүлзат Сарыбаевна.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.