Мээрим Табылдиева — Кочкордо «Алтын тамга» аттестатын алган жалгыз бүтүрүүчү (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районунда 953 окуучу мектепти аяктап, аттестат алышты. Алардын ичинен Мээрим Табылдиева «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээси болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мээрим Кочкор районундагы К.Кыдыралиев атындагы орто мектепти аяктады. Ал англис тилин окуткан мугалим болууну каалайт.

«Мен артыкчылык аттестатын алам деп ойлогон эмесмин жана аракет да кылган эмесмин. Башка да мыкты окуган кыздар бар эле, ошолор алат деп ойлогом. Бирок азыр жогорку окуу жайга барганда артыкчылык аттестат эске алынбайт. Албетте, өзгөчө үлгүдөгү аттестат жалгыз мага буюрганын укканда толкундандым.

Келечекте англис тилчи мугалим болууну пландап жатам. Буюрса, Кыргыз улуттук университетинен билим алайын деген оюм бар. Мындан сырткары, бала кезимде эле жеке ишкер болуу максатым бар болчу. Андыктан бул тармакта да өзүмдү сынап көрөм», - дейт бүтүрүүчү.

Мээрим Табылдиева бардык сабакты жакшы окуп, коомдук иштерге да активдүү катышат. Ал жалпы республикалык тестирлөөдөн 172 упай топтоду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up