Бүтүрүүчү-2019: Тоң району боюнча эң көп упай топтогон Сыргажан келечекте балдар реабилитациялык борборун ачкысы келет

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы Б.Алаков орто мектебинин бүтүрүүчүсү Сыргажан Тентимишова жалпы республикалык тестирлөөдөн алган упайы боюнча райондо 1-орунду алды. Ал 206 упай топтогон. Аймактык кабарчы бүтүрүүчү менен таанышты.

«Албетте, ЖРТдан жогорку упай алам дегенде күмөн саноо болгон. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө «жок дегенде 200 упай топтодум окшойт» деп ойлогом. Буга чейин райондогу 30 мектептин ичинен «Жыл окуучусу» сынагында биринчиликти алгам. Ал эми ЖРТ боюнча алган упай менен район боюнча 1-орунга, облус боюнча 2-орунга татыдым.

Мектепте бардык эле сабактар жагат. Айрыкча, тил сабактарына абдан кызыгам. Сабактан сырткары чет тилде ырдап-бийлеп, волейбол, теннис ойноп, китеп окуган жагат. Келечекте балдар реабилитациялык борборун куруп, элиме ак кызмат кылсам дейм», - деп айтып берди ал.

Сыргажан Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылында 2001-жылы 25-октябрда төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын. Атам фермер болсо, апам — үй кожойкеси. Ушул жерден ата-энеме, мени окутуп, билим берген бардык мугалимдерге рахматымды айткым келет. Өзгөчө, класс жетекчим Динара Чойбашева эжекеме, 1-класстан 4-класска чейин окуткан Чолпон Иманалиева эжекеме жана Тамара Иманкунова эжекеме ыраазымын», - деди бүтүрүүчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up