Студенттер арасында президенттик стипендияга сынак жарыяланды

Профайл | 18:56, 2-июль 2019 | Жаңыртылган 19:41, 2 июль 2019 | 1 474
Церемония вручения президентских стипендий
Церемония вручения президентских стипендий
// Пресс-служба президента КР

Билим АКИpress - Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн президенттик стипендияга ачык сынак жарыяланды. Президент 27-июнда «Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине (курсанттарына) президенттик стипендияны ыйгаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жарлыкка кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.

Стипендияга күндүзгү бөлүмдө билим алып, мыкты бааларга жетишкен, илимий изилдөө жана коомдук иштерди ийгиликтүү айкалыштырып, айырмаланган студенттер талапкер боло алат. 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жарыяланган сынакка байланыштуу бардык суроолорго Билим берүү жана илим министрлиги жооп берет.

Байланыш номуру: (+312) 662842, 620465.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up