Бүтүрүүчү-2019: «Алтын сертификат» алган Орозкул Октонов туризмди өнүктүрүү максатын коюуда

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Орозкул Октонов жалпы республикалык тестирлөөдөн 224 упай топтоп, Кыргызстандагы алдыңкы 50 бүтүрүүчүнүн катарын толуктады.

«Мага негизинен математика, тарых жана физика сабактары жагат. Математика мен үчүн аябай кызыктуу жана оңой сабактардын бири. Ал эми тарых сабагы мага жомок окугандай эле болот. Физикадан болсо күнүмдүк болуп жаткан кубулуштарды үйрөнөбүз деп эсептейм. ЖРТнын предметтик тестинде химия менен математиканы тандагам. Физикадан 131, математикадан 124 жана химиядан 90 упай топтодум.

Менин хоббим — стол тенниси, бильярд ойноо. Көп кино көрөм жана бош убактымды көбүнчө документалдуу тасмаларды көрүү менен өткөрөм. Келечекке пландар көп. Өзүмдүн кичи мекеним болгон Ысык-Көлдө туристтик агенттик ачсам дейм. Кыргызстандын келечеги кең. Туризмди өнүктүрүүгө болгон күчүмдү жумшоого аракет кылам», - деди бүтүрүүчү.

Орозкул Октонов Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тоң айылында 2001-жылы 16-ноябрда төрөлгөн. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын үчүнчүсү: 5 уул жана 2 кыз. Атасы үй эмерек өндүрүшүнүн технологу болсо, апасы ашпозчу болуп эмгектенет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up