ЖРТ-2019: Кара-Көл шаарында эң жогорку упай — 195

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарында жалпы республикалык тестирлөөдөгү жогорку упай 195 болду. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Мырзалиева билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдагы бүтүрүүчүлөр былтыркыга салыштырмалуу ЖРТдан жогорку упайларды алышты. Негизинен орточо упай 120 упайды түздү.

Тестирлөөгө 168 бүтүрүүчү катышып, босого упайдан 105 окуучу өтө алды. Ал эми 5 бүтүрүүчү 190дон жогорку упайларды алышты.

Шаар боюнча жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөр:

- Фрунзе атындагы №3 орто мектебинин бүтүрүүчүсү Эстебесов Нурсултан — 195 упай;

- Хуриев атындагы №5 орто мектебинин бүтүрүүчүсү Калмамбетова Сейил — 192 упай;

- Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Бешубакова Элиза — 191 упай;

- Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Байышбекова Айданек — 190 упай;

- Хуриев атындагы №5 орто мектебинин бүтүрүүчүсү Райымбек кызы Айпери — 190 упай.

Бул 3 мектептин жамааттарынын ийгиликтери шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан белгиленип, ыраазычылык билдирилди. Бүтүрүүчүлөргө да грамоталар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up