Мугалимдер.kg: Кайын журтунун колдоосу менен бала кезиндеги кыялына жеткен Динара Чойбашева алгачкы классын бүтүрдү

Динара Чойбашева
Динара Чойбашева
// АКИpress

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот. Бүгүнкү каарманыбыз — Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылындагы Б.Алаков орто мектебинин быйылкы бүтүрүүчүлөрүнүн класс жетекчиси Динара Чойбашева. Ал учурда алгачкы классын уядан учурду. Мугалим өзүнүн окуучулары жана кесиби тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Биздин мектепти быйыл 23 окуучу аяктады. Анын 18и жалпы республикалык тестирлөөдөн босого упайдан өтө алышты. Мектебибиз боюнча эң көп упай 206ны түзүп, аны Сыргажан Тентимишова деген бүтүрүүчүбүз топтоду. Ал буга чейин райондогу 30 мектептин ичинен «Жыл окуучусу» сынагында биринчиликти камсыз кылган. Ал эми ЖРТда алган упайы менен райондо 1-орунга, облус боюнча 2-орунга
татыды.

Андан сырткары, Керим Медербеков 188 упай жана Динара Асанакунова 179 упай алышты. Быйылкы бүтүргөн окуучуларым — эң алгачкы классым. Бул класс мен үчүн акжолтой болду. Эң биринчи сабагымды да ушул класска өткөм. Бул класс менен көп ийгиликтерди жараттык, сынактарга катыштык.

«Жыл мугалими-2017» сынагына катышып, 3-орунга ээ болгом. Бул мен үчүн абдан чоң ийгилик деп эсептейм. Жаштарга бир эле кеңешим бар: окуу, окуу жана окуу, ошондой эле адам болуу» - деди мугалим.

Динара Чойбашева 1978-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Ушул эле шаардагы А.Макаренко атындагы №3 орто мектебин 1995-жылы аяктаган. 2013-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

«Кичинекей кезимде эле балдар-кыздар менен ойногондо сөзсүз мектеп жөнүндө ойночубуз. Анда мен дайыма мугалим болчумун. Азыр кээде ойлонуп коём, «ошол бала кездеги кыялыма жеттим» деп. Менин биринчи мугалимим Л.Шелестке окшошкум келчү. Бирок окуу жайга барар алдында турмуш жолуна аттанып калдым. Ошентсе да менин сүйгөн кесибим боюнча билим алып, ушул кесипти аркалап калышыма кайын журтум чоң түрткү болду. Жолдошум окуума болгон шартты түзүп берди. Кайын атамдын көзү өтүп кеткен. Ал кишиге мени жогорку окуу жайдан окутуп, түрткү бергени үчүн ыраазымын. Ал киши болбосо мындай даражага жетмек эмесмин деп ойлоном. Жолдошум да менин кесибимди түшүнүп, ар дайым колдоп турат», - деди Д.Чойбашева.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up