НМУнун бүтүрүүчүлөрү менен жумуш берүүчүлөр жолугушту

Билим АКИpress - Нарын мамлекеттик университетинин агрардык-техникалык факультетинин электроэнергетика багытынын бүтүрүүчүлөрү Нарын райондор аралык экотехинспекция башкармалыгында болушуп, алардын иши менен таанышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мекеменин кызматкерлери бүтүрүүчүлөргө инспекциянын аткарган кызматтары, анын милдеттери жөнүндө кеңири маалыматтарды беришти.

Жолугушуу учурунда мекеме кызматкерлери жана бүтүрүүчүлөр ортосунда жумуш орду менен камсыз кылуу, келечектеги кесип ээлерине коюлган талаптар ж.б. суроолор боюнча талкуу жүрдү. Андан соң мекеме кызматкерлери бүтүрүүчүлөргө кең келечек каалап, кесипкөй адис болууга тилектештигин билдиришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up