НМУда сүттү жана башка айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү кичи цех ачуу боюнча талкуу жүрдү

Билим АКИpress - Борбордук Азия университетинин өкүлү А.Мародасенов менен Казакстан улуттук агрардык университетинин өкүлү А.Серикбаев Нарын мамлекеттик университетинде 1 жумалык иш сапар менен болушту. Анда НМУда сүттү жана башка айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү кичи цех ачуу боюнча иш алып барышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, коноктор ылайыктуу имаратты, аны ишке киргизүү үчүн керектелүүчү техникалык жабдыктарды изилдеп чыгышты. Жыйынтыгында программанын бет ачарын жасап, кичи цех ачууга коюлган талаптар жана техникалык жабдуулар боюнча маалыматтарды беришти.

Иш сапардын максаты — НМУда сүттү жана башка айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча кичи цех ачуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up