Учурда Польшада окуп жаткан Алия Европанын бир катар өлкөлөрүн көрүп келди (сүрөт)

Алия Райымбекова
Алия Райымбекова
// АКИpress

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Алия Райымбекова. Ал Учурда Кастамону университетинин туризм факультетинин туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмүндө 4-курсту аяктады.

«Мен 1996-жылы 24-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөм. 1-8-класска чейин №5 улуттук компьютердик гимназияда билим алдым. 8-классты аяктап жатканда Кыргыз-Түрк Анадолу кыздар лицейинде сынак болорун угуп калып, миңге жакын кыздын ичинен 50 кыз тандалып, сынактан өткөнбүз. 4 жыл түрк тилинде окуп, дизайнер-модельер кесибинин ээси болуп чыктым.

1-курстан бери эле «Эразмус» программасына кызыгып жүрдүм. 2-курстан баштап анын сынактарына 3 жолу катышып, бирок өтө албай койдум. Өтсөм дагы виза жагынан маселе жаралып, кете албай жүрдүм. 4-сынакта гана ийгилик мага жылмайды окшойт. Эч качан үмүттү үзбөш керек экен.

Азыр Польшанын борбору Варшава шаарында окуп жатам. Бул жакта сабактар англис тилинде болуп, тартип катуураак экен. Мага таасир калтырганы: англис тилин өздөштүрдүм, жаңы жер, жаңы адамдар менен тааныштым.

Кыргызстанда жана Түркияда вегетарианчылар үчүн мүмкүнчүлүк жокко эсе. Европа өлкөлөрүндө баарына шарт түзүлүптүр. Мени таң калтырганы — жашы да, карысы да шайтан араба менен жүрүшөт экен. Ар бир 200-300 метр аралыкта шайтан арабалардын станциясын көрүүгө болот. Жаратылышка камкордук менен мамиле кылышат.

Ушул кезге чейин Чехия, Польша, Германия, Италия, Франция, Бельгия, Голландия өлкөлөрүн көрүп келдим. Жалпы 7 өлкөнүн 10 шаарын көрүптүрмүн», - деп айтып берди студент.

Алия үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу. Өзүнөн кийинки иниси да Кастамону университетинде окуйт.

«Андан кийин 2 сиңдим бар. Ушул мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген апам менен атама чоң ыраазычылыгымды билдирем. Менин жетишкендиктеримдин аркасында алардын чоң эмгеги турат», - деди ал.

Жазган: НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up