Жаңы-Талап айылынын Соң-Көл жайлоосунда «Бөбөктай» өнүгүү борбору ачылды (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Талап айылынын Соң-Көл жайлоосунда «Бөбөктай» жайлоо өнүгүү борбору ачылды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Маалым болгондой, ачылыш аземдин жүрүшүндө борбор үчүн боз үй тигилип, аталган жайлоодогу малчылардын балдары борборго кабыл алынып, балдар үчүн ар түрдүү жомок китептер тартууланды.

Иш-чарага Римдеги ФАО эл аралык уюмунун жайыт эксперти Николас Шарп, Кыргызстандагы ФАО эл аралык уюмунун эксперти Дыйканбай Кенжебаев, «CAMP Ала-Тоо» коомунун директору Азамат Исаков, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы жайыт департаментинин кызматкери Б.Эсеналиев, Ак-Талаа райондук жайыт комитетинин кызматкери Бакыт Итигулов катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up