Ысык-Көлдө балдардын чыгармачылык фестивалы өтүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 27-июндан 3-июлга чейин XIII «Менин мекеним — Кыргызстан» аттуу балдардын чыгармачылык фестивалы өтүүдө.

Фестиваль Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Билим берүү жана илим министрлиги менен балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору тарабынан уюштурулуп жатат.

Иш-чарага Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл облустарынын бардык аймактарынан, Казакстандын Нур-Султан шаарынан таланттуу окуучулар катышат.

Фестиваль күн сайын эртең менен катышуучулардын флешмобу менен башталат. Таланттуу балдардын концерттик программасынан тышкары катышуучулар көлгө түшүп, ден соолугун чыңдашат.

Иш-чаранын максаты — балдар арасында достук мамилени чыңдоо, таланттуу балдарды сахнага чыгаруу, аларды таанытуу, дүйнө элдеринин ыр-бийлери аркылуу башка элдердин маданиятын тааныштыруу, маданий кызматташтыкты чыңдоо.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up