НМУда инклюзивдик билим берүү боюнча тренинг өттү

Билим АКИpress - С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде инклюзивдик билим берүү боюнча тренинг өттү. Ага окуу жайдын профессордук-педагогикалык жамааты катышты.

Тренингди эл аралык эксперт Елена Геонис өткөрдү. Катышуучуларга аутизм менен ооруган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жеткиликтүү билим берүүнүн жаңы методдору жана аларды колдонуу жолдору жөнүндө кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up