Кадамжайда мугалимдер үчүн 3 күндүк семинар өткөрүлдү

Билим АКИpress - Кадамжай районунда Баткен облусундагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү максатында 3 күндүк семинар өткөрүштү. Семинарга атайын Бишкек шаарынан 15 мугалими чакырылган.

Химия, биология, орус жана англис, кыргыз тилдери, физика, математика, информатика предметтери боюнча өткөн семинарда эки багытта иш алып барышты. Биринчи багыты инновациялык метод инсанга багытталган окутуу боюнча болсо, экинчи багыты компьютердик маалымат технологиясын, интернет онлайн технологиясын окутуу процессинде колдонуу деп аталат.

Андан сырткары класстык сааттардын пландарын кантип түзүү керек, ата-энелерди мектеп турмушуна балдардын келечеги үчүн кантип тартуу керектигин талкуулашты.

Семинарга жалпы 200дөн ашык мугалим катышып, аларга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын сертификат тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up