Парижде баяндама жасаган Манас Аскаров Болгарияда 1 жыл акысыз окуу мүмкүнчүлүгүн алды (сүрөт)

Манас Аскаров
Манас Аскаров

Билим АКИpress - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти Манас Аскаров Париж университетинде БУУ боюнча баяндама жасап, Болгарияда 1 жыл акысыз билим алууга жолдомо алды. Бул тууралуу жаш активист Бакай Акылбеков кабарчыга билдирди.

Манас Аскаров 1999-жылы 10-октябрь күнү Ноокат районунун Бел-Өрүк айылында туулган. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде 7-класска чейин билим алган соң, Ош шаарындагы «Сапат» кыргыз-түрк лицейинде окуусун уланткан. 11-классты бүтүп, КМЮАнын эл аралык укук факультетинде билим алып баштаган. Учурда 2-курстун студенти.

«Манас Аскаров Бириккен улуттар уюмунун конференциясында БУУ органдарынын иш үлгүсүн чагылдыруу, уюмдун расмий тилдеринде студенттердин дүйнөлүк глобалдык маселелерин талкуулоо туурасында баяндама жасаган. Иш-чарага 93 мамлекеттен 600 адам катышкан.

Мындай иш-чаралар көптөгөн мамлекеттерде өтүп, жаштардын дипломатиялык, лидерлик сапатын арттырып, тилдерди үйрөнүү, өз ара жакындатуунун аянты болуп келет. М.Аскаров 2-курс кезинде өзүнүн талбаган аракети менен бир катар жетишкендиктерге жеткен. Англис тилин мыкты өздөштүрүп, көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө аракеттенген.

Ал мектепте окуп жүргөндө АКШнын долбоорлор боюнча олимпиадасына катышып, байгелүү орунду багындырып, ал жактан окуп келүүгө жолдомо уткан. 1-курста Москва мамлекеттик юридикалык академиясында өткөн эл аралык конференцияда сүйлөгөн болчу.

Окууга кызыгуусу артып, чет өлкөдө окусам деген кыялы, максаттары дайыма шыктандырып турат эле. «Жакшы тилек — жарым ырыс» дегендей, жакшы ойлор ийгиликке жеткирерин туюп, быйыл Болгария мамлекетинин South-West University Neofit Rilski университетине 1 жыл бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду», - деди Б.Акылбеков.

Ал эми М.Аскаров 28-майдан 8-июнга чейин Париж университетинде өткөн БУУнун моделине Кыргызстандын атынан жалгыз катышканын айтты.

«Франция кайталангыс көз ирмемдерди тартуулады. Ал жакта студенттер кесибинен тышкары, жылына аз дегенде 15 китеп окуп бүтүрүшөт экен. Деги эле ал жактагылар китеп менен жакын дос. Китеп окуу — көп ийгиликтин башаты деп айтар элем. Биз китептен билим гана эмес, жакшы жүрүм-турум, башкаларга жылуу мамиле кылганды да үйрөнө алабыз. Менин англис тилин жакшы өздөштүргөнүм Европада өткөн конференцияга катышууга жол ачкан. Бирок ал жакта жалгыз англис тилин билип, мактанууга болбосун түшүндүм. Ал жакка аттана турган адам немис, француз, испан ж.б тилдерди билип алса артыкчылык болчудай. Деги эле БУУнун 6 тилин билип алсаң дүйнөдө кеңири жүрсөң жарашат. Парижден өзүмө өзгөчө тажрыйба алдым. Келечекте максаттарымды ишке ашырсам деген тилегим бар. Мекенге кызмат кылууну кийин деп күтпөй, азыр башташ керек экенин билдим», - деди студент.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up