2019-2020-окуу жылына абитуриенттер үчүн 5705 бюджеттик орун бөлүндү

Билим АКИpress - Өкмөт 2019-2020-окуу жылына карата Кыргызстандын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде билим алуучуларды кабыл алуу жана адистиктердин тизмесин бекитти. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

2019-2020-окуу жылына 5 миң 705 мамлекеттик билим берүү гранты берилип, анын 4 миң 903 оруну Билим берүү жана илим министрлигине караган жогорку окуу жайларга бөлүндү. Калган гранттык орундар мамлекеттик органдардын ведомстволук окуу жайларына берилди.

Гранттык орундарды бөлүштүрүүдө кадрларга болгон муктаждык, ЖОЖдор менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдердин саны, ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин анализи эске алынган.

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында IT-адистерине суроо-талап өсүп жатат. Буга байланыштуу компьютердик технологиялар тармагындагы кесиптерге гранттык орундун саны көбөйдү.

Гранттык орундарды бөлүштүрүүдө Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген КР өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасы эске алынган. Анда 2040-жылга чейин Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп өнөр жай (тоо-кен, мунайды кайра иштетүү, жеңил өнөр жайы, тамак-аш, өндүрүштүк), айыл чарба, энергетика жана туризм белгиленген.

Ошондой эле жалпы гранттык орундардын ичинен 316 орунду магистрдик тармакка бөлүү сунушталды. Дагы 405 гранттык орун чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга, I жана II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, ата-энесинен ажыраган балдарга жана иштеп жаткан өкмөттөр аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга каралган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up