Кочкорлук окуучулар республикалык туристтик-спорттук слётко катышып келишти (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарынан 30 чакырым алыстагы Чуңкурчак капчыгайында Республикалык экология, жер таануу, туризм боюнча балдар жана өспүрүмдөр борборунун уюштуруусу менен окуучулардын республикалык туристтик-спорттук жана аймак таануу слёту өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган борбордун башчысы Галина Полянская билдирди.

Анын маалыматы боюнча, слёт Туристтик аймак таануу кыймылынын 60 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгына карата өткөрүлүп, ага ар бир облустан 8 (3 кыз, 5 бала) окуучу катышты. Ал эми Кочкор районунун Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинен 2005-2006-жылы төрөлгөн окуучулар катышкан.

«Аталган мектептин окуучулары мурунку директор Замир Алдаяровдун демилгеси жана жетектөөсү менен бир нече жылдан бери слётко барып, ийгилик жаратып келишет.

Чуңкурчак капчыгайында окуучулар чакан чатырларда жашап, талаа шартында тамакты өздөрү даярдашты. Ошондой эле туристтик-спорттук мелдештерге, аймак таануу боюнча викториналарга, ар кандай сынактарга катышышты. Атайын жабдуулар менен бийиктиги 25 метр тике аскага чыгып, шар аккан тоо суусунан аркан менен өтүп, туристтик багыттоо мелдештерине катышышты. Слёттун жардамы менен окуучулар сергек мүнөзгө калыптанып, ден соолугун чыңдап, спорттук чеберчилиги жогорулайт. Андан сырткары, эр жүрөктүүлүк, эрктүүлүк, чыдамдуулук, тайманбастык сапаттарга ээ болушат», - деди Г.Полянская.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up