Миң-булактык окуучулар Ысык-Көлдө 5 күн эс алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк, Миң-Булак жана Куйбышев айылдарындагы 30 окуучу «Улан» ден соолукту чыңдоо борборунда 5 күндүк эс алууда болушту. Бул тууралуу мугалим Кенжегүл Бектемирова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, балдардын эс алуусуна айыл өкмөт тарабынан акча каражаты бөлүнгөн. «Алар 5 күндүн ичинде ар кандай иш-чараларды уюштуруп, эс алуучуларга оюн-зоок тартуулашты. Ошондой эле эс алып келген балдардын ата-энелери айыл өкмөттүн мындай камкордугуна ыраазычылыгын билдиришти», - деди К.Бектемирова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up