Республикалык «Эрдиктин изи менен» сынагынан токмоктук 9 окуучу байгелүү кайтышты

Билим АКИpress - Чүй облусунун Токмок шаарында өспүрүмдөр арасында «Эрдиктин изи менен» аттуу сынактын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынак Республикалык балдар жана жаштар экология, аймак таануу жана туризм борбору менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгына арналып өткөрүлгөн.

Сынакка жалпы билим берүүчү жана жатак мектептерден 100гө чукул илимий изилдөөлөр жана сүрөттөр келип түшкөн. Жалпысынан 5-11-класстардын окуучулары жана мугалимдери катышкан. Ал эми Чүй району менен Токмок шаарынан 17 окуучу катышып, алардын арасынан 9 окуучу байгелүү орундарды камсыз кылышты.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси А.Кибираева жеңүүчү окуучуларга ыраазычылык кат, ардак баракча жана китеп тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up