Жалал-абаддык окуучулар Канттагы авиабазага экскурсия жасашты

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан авиабазага Жалал-Абад шаарындагы мектептердин окуучулары экскурсия жасашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, окуучулар менен мугалимдер алгач базанын түзүлгөн тарыхы менен таанышышты. Андан соң алар аэродромго барып, аскер кызматкерлери, аскердик учак техникалары жөнүндө маалымат алышты. Окуучуларга СУ-25 учагына барып, ичине отуруп көрүүгө да мүмкүнчүлүк берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up