Аттестаттагы каталар. Билим берүү министрлиги эмне дейт?

Билим АКИpress - Социалдык тармактарда ката менен жазылган аттестаттын сүрөтү тарады. Аттестат Нарын облусундагы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүгө таандык. Орто билимди тастыктаган документте «среднюю» деген сөздүн ордуна «среднюю реднюю» деп жазылып калган.

Билим берүү жана илим министрлигинен ката басмаканадан кеткенин билдиришти.

Бул жылы университеттерден дипломго ээ болгон айрым бүтүрүүчүлөр документтердеги каталар боюнча арыздануулар менен министрликке кайрылышкан болчу.

Ошондой эле Нарын облусунун Кочкор районунда жараксыз 10 документ табылып, алардын баары кайра алынган. Бүгүн алмаштырылган аттестаттар ээлерине берилет.

cd28c675b40e993bddb2fe0a9e4c7a1b

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up