ЖРТ-2019: Алайда 6 бүтүрүүчү жогорку упайларды топтоду (сүрөт)

Билим АКИpress - Алай районунда 6 окуучу жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды топтошту. Бул тууралуу Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Салима Абдырахманова билдирди.

Анын айтымында, Э.Мурзаев атындагы орто мектептин окуучусу Гүлзар Шайлообай кызы 204 упай алып, район боюнча эң алдыңкы көрсөткүчкө жетишкен.

- Т.Отунчиев атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Дамира Жаныбекова — 201 упай;
- Кум-Шоро орто мектебинин бүтүрүүчүсү Элина Осмонова — 197 упай;
- Ж.Алимов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Нурлан Өмүркан кызы — 194 упай;
- Токтогул орто мектебинин бүтүрүүчүсү Элүүбий кызы Нурзат — 190 упай;
- С.Ташиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Барчынай Калыкова 199 упай.

Алай районунда быйылкы жылы 707 окуучу 11-классты аяктаса, алардын ичинен 562 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан. ЖРТнын жыйынтыгы боюнча орточо упай 121 болду.

Район боюнча жалпы 54 мектеп бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up