Ошто I Эл аралык илимий-инновациялык форум болуп өттү

Билим АКИpress - Ош шаарында 2-июлда Кыргыз Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган «Илим, билим – аймактарды өнүктүрүүнүн жана санариптештирүүнүн негизги факторлорунун бири» аталышындагы I Эл аралык илимий-инновациялык форум болуп өттү. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы маалымдады.

Иш-чарада Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдар аралыгындагы аймактык саясат концепциясына ылайык саясий тармактык мамиледен аймактарды өнүктүрүүнүн өзүнө таандык өзгөчөлүктөрүнө, айырмачылыктарына жана адистешүүсүнө карата негизделген комплекстүү үлгүсүнө өтүү сунушталды.

Андан сырткары аймактардагы академиялык, колдонмо илим, билимдин учурдагы абалы жана келечеги, биргелешкен аймактык программалардын илимий-техникалык багыттарын ишке ашыруу жолдорун иштеп чыгуу, УИА менен ЖОЖдордун кызматташуусу, өлкө аймактары жана коңшу Өзбекстандын облустары ортосунда илим жана билим берүүдөгү байланыштар, андагы жетишкендиктер, тажрыйба алмашуу, өнөктөш болуу маселелери талкууланды.

Иш-чаранын негизги максаты – аймактарда илимди өнүктүрүүдө көйгөйлөрдү чечүүгө ылайык мамлекеттик стратегияны аныктоо, академиялык жана аймактык илимий-изилдөө мекемелеринин, жогорку окуу жайлардын ортосундагы коммуникациялык процессти калыптандыруу, Өзбекстандын чек арага жакын аймактарында жайгашкан илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Пленардык отурумда УИАнын президенти Мурат Жуматаев катышуучуларды I Эл аралык илимий-инновациялык форум менен куттуктап, илимге өзгөчө көңүл буруу – дүйнө жүзүндөгү өнүгүүнүн эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн жана артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин, илим-билим өнүккөн аймакта экономика, саясат жана башка багыттагы маселелер туура чечилип, өз ордуна коюлуп келгендигин баса белгилеп өттү.

«Бүгүнкү күндө Улуттук илимдер академиясы ири илимий-техникалык долбоорлорду, экономикалык жана социалдык өнүктүрүү, курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу боюнча программаларды илимий деңгээлде иштеп чыгуу, экспертизадан өткөрүү боюнча мамлекеттик иштерди жүргүзүүдө. Ошондой эле академиялык, тармактык жана жогорку окуу жайда билим берүүнү интеграциялоо иштерине жигердүү катышып келе жатат», - деди М.Жуматаев.

Ал ошондой эле форумдагы талкуулар жана сунуштар эске алынып, алар ишке ашырыларын айтты.

Форумдун жүрүшүндө М.Жуматаев «Академиялык илим: учурдагы абалы, негизги көйгөйлөрү, өнүгүү кадамдары», Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Исаков «Заманбап университеттердин аймактарды ар тараптуу өнүктүрүүдөгү орду», КР Жогорку технологиялар паркынын директору А.Исмаилов «Санариптештирүү – аймактар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр», ошондой эле Өзбекстандын Илимдер академиясынын вице-президенти Б.Ибрагимов программалык темасындагы баяндамаларын жасашты.

Бул сунуштамалардан кийин форум өз ишин бөлүмдөрдө улантты: 1-секцияда «Илим жана билим берүүнү, өндүрүштү интеграциялоо аркылуу экономиканы инновациялык багытта өнүктүрүү; 2-секцияда «Кыргызстандын түштүк аймактарындагы негизги маселелер жана аларды илимий жактан чечүүнүн жолдору»; 3-секцияда «Өлкөнү санариптештирүү программасы боюнча аймактагы илим жана билим берүүгө илимий-маалыматтык колдоо көрсөтүүнү жакшыртуу», маселелери талкууланды.

Ошондой эле I Эл аралык илимий-инновациялык форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Форумга билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева, Президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Усубалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары А.Алтыбаева, К.Жумалиев, А.Самигуллина, Д.Молдошева, Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымы Б.Тыналиева, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын администрацияларынан жана шаар мэриясынан, райондордон өкүлдөр, ЖОЖдун жана илимий мекемелердин башчылары, УИАнын жетекчилиги, мүчөлөрү, түштүк бөлүмүнүн кызматкерлери жана Фергана, Наманган, Андижан шаарларындагы ЖОЖдордун ректорлору катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up