Алайдагы №67 кесиптик лицейди 100 бүтүрүүчү аяктады

Билим АКИpress - Алай районундагы №67 кесиптик лицейде бүтүрүү кечеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүтүрүүчүлөргө арналган салтанатты аталган окуу жайдын директору Жолдош Мурзалиев ачты. Ал бул күн бүтүрүүчүлөрдүн эсинде каларын, анткени атайын бир кесиптин ээси болуу менен бирге орто мектепти бүтүргөндүгү тууралуу аттестатка да ээ болуп жатышканын белгиледи.

Аталган лицейде 100 бүтүрүүчү болсо, анын ичинен 25 окуучу айыл чарба өндүрүшүнүн устаты, тактап айтканда фермер кесибине, 25 бүтүрүүчү токой чарба устаты, 25 бүтүрүүчү электр жана газ менен ширетүүчү жана 25 бүтүрүүчү улуттук буюмдарды жасоочу жана уз адистигине ээ болушту. Мындан сырткары, кыска мөөнөттүү 10 жана 3 айлык курстарда окугандар да атайын документтерге ээ болушту. Тактап айтканда, ветеринар, кондитер жана газ, электр ширетүүчү кесиптеринен билим алган 24 бүтүрүүчү да атайын сертификаттарга ээ болушту.

Бүтүрүүчүлөргө окуу жайдын директору менен мугалимдери ак жол каалашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up