Нарындык окуучулар Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунан 70 окуучу Ысык-Көлдөгү «Баластан» ден соолукту чыңдоо борборуна 10 күндүк эс алууга жөнөп кетишти. Бул тууралуу Айыл чарба кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Өмүрзак Мүсүралиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, окуучулар 10 күндүк эс алууда ден соолуктарын чыңдоо менен бирге ар кандай маданий иш-чараларга катышып, көңүлдүү күндөрдү өткөрүшөт. Бул жолку эс алууга дыйкан чарба мүчөлөрүнүн жана энергетика кызматкерлеринин балдарына жолдомо берилген.

«Алардын 40ка чукулу энергетиктерин, 30у айыл чарба кызматкерлеринин балдары», - деди Ө.Мүсүралиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up