«Алтын сертификат»: Кыргызстан боюнча эң жогорку упай топтогон Элдиярды өкүндүргөн нерсе

Билим АКИpress - 2019-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө 238 упай топтоп, Кыргызстан боюнча биринчи болгон Элдияр Чормонов Билим АКИpress басылмасына тестке кантип даярданганы, келечек пландары тууралуу айтып берди.

Э.Чормонов — Жалал-Абад шаарындагы №15 Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.

«Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданууда өзүмдүн мектебим уюштурган программа боюнча курстарга катышып, алар сунуштаган предметтерди окудум. Албетте, даярдангандан кийин «алтын сертификат» алам деп күткөм.

Алганымды укканда абдан кубандым, анткени көптөн күтүп жүргөн каалооң ишке ашса ар бир эле адам сүйүнөт эмеспи. Жанымда атам бар эле. Биринчи атама сүйүнчүлөдүм, ал да аябай кубанды», - деди бүтүрүүчү алгачкы сезимдери тууралуу.

Бүтүрүүчү мектепте окуп жүргөндө катачылык кетиргенин айта кетти.

«Тилекке каршы, олимпиадага катышарда предмет тандоодо катачылык кетиргем. Башында информатика сабагын тандагам, бирок ошол убакта информатикага болгон кызыгуум жок болгондуктан баш тартууга туура келген. Кийинчерээк кызыгуу пайда болгондон кийин өкүнүп калдым», - дейт Элдияр.

Э.Чормонов шахмат ойногонду жакшы көрөт. «Шахмат ойногонду кичине кезимде атам үйрөткөн. Азыркыга чейин кайсы жерде болбосун, досторум менен ойноп жүрөм», - деди ал.

«Алтын сертификат» ээси азырынча кайсы окуу жайдан билим ала турганын чече электигин айтты.

«Учурда караштырып жатам. Ал эми кесип боюнча айтсам, программист болууну чечтим. Кийинчерээк чет өлкөдөн да билим алуу пландарым бар.

Келечектеги максатым — өзүм тандаган кесип боюнча билимимди тереңдетип, өз өлкөмдө пайдалансам деген максаттарым бар», - деди ал.

Элдияр үй-бүлөдө 5 бир тууган: 3 агасы жана 1 карындашы бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up