ЖРТ-2019: Ат-Башы боюнча эң жогорку упай алган Элназдын ийгиликтери

Элназ Төлөнбай кызы
Элназ Төлөнбай кызы
// Turmush

Билим АКИpress - Ат-Башы районундагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп упай топтогон Элназ Төлөнбай кызы «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын да ээси болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышкан.

Элназ Төлөнбай кызы 2001-жылы Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында туулган. Үй-бүлөдө 5 бир тууган: 2 эжеси, байкеси, сиңдиси бар.

«1-класстан баштап жалаң «5» деген баага окуп келдим. 4-класста Ат-Башыдагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектебиндеги комуз ийримине катышып, аны бүтүрдүм. Кээде ыр жазам. Бир жолу Манас жөнүндө ыр жазуу сынагына катышып, сыйлык алгам. Райондук олимпиадаларга дагы катышып келдим. 9-класста англис тили боюнча райондук олимпиадада 3-орунду, 10-класста химия сабагынан райондук олимпиадада 1-орунду, 11-класста химия боюнча райондон 1-орунду, облустан 3-орунду алдым. Быйыл мектепти «Алтын тамга» аттестаты менен бүтүрүп жатам.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн 212 упай топтодум. Көп упай алышыма мугалимдеримдин эмгеги зор. Өзүм да убакытты туура пайдаландым. Быйыл «Акыл ордо» сынагынын райондук турунда 1-орунду алдым, бирок шаарга барганга мүмкүнчүлүк болбой калды. 6-класста окуп жүргөндө да «Ат-Башы» фонду уюштурган сынакта 5 сабак боюнча 2-орунду, 7-класста ушул эле сынактан 1-орунду камсыздага», - деп айтып берди бүтүрүүчү ийгиликтери тууралуу.

Элназ келечекте дарыгер болгусу келет.

«Элдердин саламаттыгына кам көрүп, жардам бергим келет. Мындан сырткары, чет өлкөлөрдү кыдыргым келет. Эгерде билимдүү болсоң, кийин жеке менчик оорукана ачып алсаң болот. Жумуш дагы табылат. Үй-бүлөм дагы ошону каалашты.

Өзүм мурдатан эле аракет кылып, окуй берчүмүн, анан ийгиликке жетиштим. Үйдөгүлөр ар дайым колдоп турат. Ар кандай олимпиадаларга даярданганда, даярдануучу тесттен өтүүгө үйдөгүлөр жөнөтүп, көтөрмөлөп турушчу.

Алган билимдин баары өз пайдасын тийгизет деп ойлойм. Биздин мугалимдер билим гана бербестен, кантип жашоону да үйрөтүшөт. Ушунун баары жуурулушуп, келечекте пайдасын тийгизет деп ойлойм.

«Алтын сертификат» алам деп амаксат койгом, бирок жетпей калдым. Ошентсе да, жогорку упай алганыма шүгүр кылам. Менин билим алуума шарт түзгөн ата-энеме, мугалимдериме ыраазычылык билдирем», - деди бүтүрүүчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up