Сүрөт — Президенттин колунан «алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөр

// Пресс-служба президента КР

Билим АКИpress - Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 8-июлда 2019-жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды топтогон орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө «алтын сертификаттарды» тапшырды.

Мамлекет башчысы быйылкы жылдагы ЖРТда эң жогорку упай алгандардын 57%ы аймактардын бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгиледи.

С.Жээнбеков жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болуп саналарын баса белгиледи.

Бул жылы «алтын сертификатка» 52 бүтүрүүчү жана жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай алган аймактардын 14 бүтүрүүчүсү ээ болушту.

Мамлекет башчысы сертификаттардан сырткары, бүтүрүүчүлөргө символикалуу белектерди тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up