«Алтын сертификаттын» ээси болгон Тыныбек ЖРТга кантип даярданганын айтты

Билим АКИpress - 2019-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө 230 упай топтоп, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун колунан «алтын сертификат» алган Эржигит уулу Тыныбек Билим АКИpress басылмасына тестке кантип даярданганы, келечек пландары тууралуу айтып берди.

Эржигит уулу Тыныбек — Жалал-Абад шаарындагы №15 Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.

«Жалпы республикалык тестирлөөгө 10-класстын аягында даярданып баштагам. 11-класста ЖРТга толугу менен көңүл бөлдүм. Мурун окуган китептерди, математика боюнча бардык темаларды карап чыктым. Окуп-түшүнүүдөн мурун көп кыйналчумун, ошондуктан кыргыз тилинен көп китеп окудум. Быйыл химия сабагынан республикалык олимпиадага катыштым.

«Алтын сертификат» алышым мүмкүн деп ойлогом, бирок ушунча упай аларымды күткөн эмесмин. «Алтын сертификат» алганымды укканда өзүмө ишенбей кеттим. Эң биринчи менин ушул лицейде окуп калышыма түрткү болгон апама сүйүнчүлөдүм. 6-класста сынак тапшырып, аталган лицейдеги бюджеттик орунга өтпөй калганыма карабай, апам окуткан», - деди ал.

Бүтүрүүчү кайсы жогорку окуу жайдан билим ала турганын чече элек. «Ар бир университетти кыдырып көрүп, бирөөсүн тандайм. Өзүм дарыгер же компьютердик инженерия кесибине кызыгып жатам. Толук чечим кабыл ала элекмин.

Келечекте Кыргызстандын керегине жараган кесиптин ээси болуп, өлкөмдүн өнүгүүсүнө салым кошкум келет», - деди «алтын сертификат» ээси.

Тыныбек үй-бүлөдө 4 бир тууган.

«Бош убактымда футбол ойногонду жакшы көрөм. Ошондой эле дүйнөлүк бестселлер китептерге көп кызыгам», - дейт ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up