Бүтүрүүчү-2019: Карапайым үй-бүлөнүн кызы Ширин Сейитбекова «Алтын тамга» аттестатын алды

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс гимназиянын бүтүрүүчүсү Ширин Сейитбекова «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына татыктуу болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жалпы республикалык тестирлөөдөн 117 упай алдым. Ооба, үмүтүм — жогорку упай алуу болчу. Буйрук экен, ушундай болуп калды. Бирок бул деле чек эмес. Алдыга койгон максаттарыма жетүү үчүн аракетимди кыла берем. Фармацевтика же туризм тармагында билим алууну көздөп турам. Дары-дармек же тейлөө багытында иштегим келет. Класс жетекчим Улангүл Кадырова мени 5-класстан бери окутуп, көп көмөктөштү, өзүнүн кеңештерин айтты. Эжейим аябай жакшы адам. Рахматымды айтам», - деди ал.

Ширин Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 2002-жылы төрөлгөн.

«Мен карайым үй-бүлөнүн кызымын. Атам менчик дыйкан чарбасында алектенсе, апам үй кожойкеси. Өзүм 4 бир туугандын улуусумун.

Нечендеген жаштар азыркы убакта окууну бүтүп, өлкөбүзгө салым кошпостон, чет өлкөлөргө кетип жатышат. Ушул маселе мени аябай өкүндүрөт», - деди бүтүрүүчү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up