Москвадагы эл аралык сынакка Оштон барган окуучу ийгилик жаратты

Сыймык Абдрахманов
Сыймык Абдрахманов

Билим АКИpress - Евразиялык патенттик уюму (ЕАПУ) мектеп окуучулары жана студенттер арасында «Келечекке көз караш» аталышындагы Евразия патенттик универсиадасынын «Жомоктон жашоого таң каларлык чечимдер» деген темада эл аралык сынагын жарыялаган. Бул тууралуу «Мээрим» балдар билим берүү борборунун окуу бөлүм башчысы Чынара Аманова маалымдады.

Анын айтымында, сынакка 10-17 жаштагы мектеп окуучулары катышып, чыгармачылыктын ар кандай деңгээлиндеги долбоорлору менен күч сынашты.

Жыйынтыгында «Мээрим» балдар билим берүү борборунан барган жаш ойлоп табуучу, «Жаш интеллектуалдар» ийриминин окуучусу Сыймык Абдрахманов Европатенттин диплому менен сыйланды. Бул сынакта Кыргызстандан 2 окуучу гана жеңишке жетишкен.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up