Билим берүү министрлиги абитуриенттер үчүн сайт ачты

Билим АКИpress - Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан абитуриенттерге жогорку окуу жайларды тандоого жардам берүүгө багытталган сайт ишке киргизилди.

Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, www.university.edu.gov.kg онлайн-куралы «Ачык өкмөт» долбоорунун алкагында «Жарандык катышуу» коомдук фондунун колдоосу менен түзүлгөн. Бул сайт Кыргыз Республикасындагы бардык ЖОЖдордун (мамлекеттик жана мамлекеттик эмес) тизмесин карап чыгууга жардам берет.

Ресурстан ЖОЖдор жөнүндө жалпы мааалыматтар, ЖОЖдордун айрым статистикалык маалыматтары, факультеттердин тизмеси жана ЖОЖдордун бөлүмдөрү менен таанышууга болот. Ошондой эле окуу жайлардын байланыш номурун алып, сайттын сервисин колдонуу менен түз байлынышка чыга алат.

Өлкөдөгү жогорку окуу жайлар 2 пункт боюнча категорияларга бөлүнгөн: аймактар боюнча жана окутуу багыты жана адистиги боюнча. Долбоор тарабынан берилген ЖОЖдор тууралуу бардык маалыматтар, анын ичинде медиа-файлдар (сүрөттөр жана видеолор) жана статистикалык маалыматтар ЖОЖдордун расмий өкүлдөрү тарабынан жарыяланган.

Андан тышкары, долбоордо ЖОЖдордун жаңылыктары камтылган.

Билим берүү министрлигинен белгилешкендей, жаңы ресурс Кыргызстанда жогорку билимдин сапатын жогорулатууга жардам берүү максатында иштелип чыкты.

Өлкөдө 8-июлда абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу кампаниясы башталган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up