ЖРТ-2019: Ноокаттын жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөрү президенттин колунан сыйлык алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ноокат районундагы «Ноокат Билимканасы» лицейинин бүтүрүүчүсү Самара Акылбекова жана А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айзирек Момунова президент Сооронбай Жээнбековдун колунан сыйлык алышты. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн басма сөз катчысы Зайнабидин Мамасадыков билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында Самара Акылбекова 225 упай топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болду. Ал эми 214 упай топтогон Айзирек Момунова мактоо баракчасы менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up