«Алтын сертификат»: Мугалимдердин үй-бүлөсүнөн чыккан С.Баркалбасовдун келечекке койгон максаттары

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин бүтүрүүчүсү Сүйүнтбек Баркалбасов жалпы республикалык тестирлөөдөн 222 упай топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

С.Баркалбасов 2001-жылы 18-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. Жумгал районуна караштуу Кабак (Өрнөк) айылында чоң ата, чоң энесинин колунда чоңойгон. 2008-жылы И.Орозалиев атындагы Өрнөк орто мектебине 1-класска кирип, 6-класста Чаек айылындагы М.Алыбаев орто мектебинде билимин уланткан. Ошол эле жылы М.Субакожоев атындагы кыргыз-түрк балдар лицейине кабыл алынып, окуй баштаган.

«Чоң атам Баркалбас Ысыранов 1948-жылы 20-мартта туулган. Кесиби боюнча зоотехник-ветеринар. Өрнөк колхозунун активисттеринин бири болгон. Азыркы учурда ардактуу эс алууда, пенсионер. Чоң апам Сагынбү Бектурганова 1951-жылы 8-июнда туулган, азыр пенсионер. Ал эми өз атам Токтобек Ысыранов 1978-жылы 26-сентябрда туулган. Кесиби боюнча музыкант-мугалим. Учурда И.Орозалиев атындагы Өрнөк орто мектебинин директору болуп эмгектенет. Апам Мунара Молдалиева 1984-жылы 2-майда туулган. Кесиби боюнча мугалим. Азыр Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназияда математик мугалим болуп иштейт.

Менин ийгилигим ата-энем жана бир туугандарым үчүн. Келечекте көптү үмүттөндүргөн инсан болуп чоңойсом дейм», - деди С.Баркалбасов.

Сүйүнтбек үй-бүлөдө 5 бир тууган: 1 карындашы жана 3 иниси бар.

«Келечекте жеке бизнес менен алектенсем деген максаттарым бар. Жөн гана акча чогултпастан, жумушсуздарга иш орундарын түзүп берип, аларга жардам бергим келет. Ошондой эле заманбап клиникаларды ачып, ооруган адамдарга жардам берип, кыргыз медицинасына салым кошсом деп кыялданам», - деди «алтын сертификаттын» ээси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up