Унаа алдында жан берген окуучу. Мектеп директору кызматтан алынды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Билим АКИpress - Новониколаевкадагы мектеп-гимназиянын директору Т.Шадыканова кызматынан бошотулду, деп билдирди Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнөн.

Бөлүм башчы Т.Арыковдун сөзүнө караганда, Базистик окуу планында окуучулардын иш практикасы каралган эмес. Бирок ошого карабай, аталган мектептин директору Шадыканова тарабынан окуучуларды чарба иштерине тартуу тууралуу буйрук берилген.

9-июль күнү 5-класстын окуучусу Н.О. мектепке иш практикасына бара жатканда унаа кырсыгына кабылып, көз жумганы маалымдалган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up