Билим берүү мекемелери үчүн китеп жазган авторлор сый акы алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Бишкек шаарында 10-июль күнү 49 окуу-усулдук китептин (бала бакча, мектеп, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери үчүн) бет ачары өткөрүлдү.

Окуу-усулдук басылмалар «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программаны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планынын» алкагында «Принт-экспресс» басмаканасы тарабынан жарыкка чыгып, бүгүнкү күндө бардык аймактарга жеткирилген.

Иш-чаранын жүрүшүндө авторлор китеп-белектерин жана сый акыларын алышты.

Иш-чарага билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана анын орун басары Надира Жусупбекова, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башчысы Назаркул Ишекеев, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин билим берүү комитетинин, Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү катышып, китептердин авторлоруна куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Ошондой эле Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери чакан концерттик программа тартуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up