«Алтын сертификаттын» ээси Атай Мырзакулов Гонконгдогу университетке кабыл алынды

Атай Мырзакулов
Атай Мырзакулов

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы «Илим» билим берүү комплексинин бүтүрүүчүсү Атай Мырзакулов жалпы республикалык тестирлөөдөн 221 упай топтоп, президент Сооронбай Жээнбековдун колунан «алтын сертификат» алды.

Атай Билим АКИpress басылмасына ЖРТга кантип даярданганы тууралуу айтып берди.

«ЖРТга өзүм даярдандым. Көп убакыт деле кеткен жок, 2 жума даярдандым. Жогорку упай топтоо үчүн алган билим акырындан топтолуп, башыңда баш аламандык болбошу үчүн 11 жыл бою жакшы окуу зарыл деп ойлойм. Ошондо маселе жаралбайт», - деди ал.

А.Мырзакулов «Илим» жеке менчик мектебин бүтүрдү.

«Келечекте экономика жана финансы иштери менен алектенгим келет. Гонконгдогу жогорку окуу жайга өттүм», - деди бүтүрүүчү.

«Алтын сертификат» ээси окуучуларга эч нерседен коркпой, берилген ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып, ар дайым өзүнө ишенүү керектигин айтып, кеңеш берди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up