Нарындагы 2 университет кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшту

Билим АКИpress - Борбордук Азия университети менен С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ортосунда билим берүүнү өнүктүрүү программасы боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, келишим боюнча жогорку окуу жайлардын бири-бирин колдоосу, өнүктүрүү жагы каралат. Ошондой эле ар түрдүү программаларды иштеп чыгуу, окумуштуулар окутуучулар менен студенттерди окутуу, практика өтөө, жайылтуу, тажрыйба алмашуу, мугалимдердин билим деңгээлин көтөрүү, мектеп практикасын жакшыртуу, биргелешип изилдөөлөрдү жүргүзүү, анын натыйжаларын чет элдик басылмаларга чыгаруу менен университеттердин эмгектерин жайылтуу камтылат.

Келишимге Нарын мамлекеттик университетинин ректору Таштанбек Сияев менен БАУнун «Билим берүүнү өнүктүрүү» программасынын башчысы Бернадет Дин кол коюшту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up