Кеминдеги жайкы лагерлер кандай иштеп жатат? Сүрөт

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районундагы 29 мектептин окуучулары үчүн 3-июндан 22-июнга чейин жайкы лагерь уюштурулду.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан аймактык кабарчыга билдиришкендей, айрым мектептерде жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан ысык тамак уюштурулду. Ошондой эле райондогу бардык китепканаларда 1-июлдан 31-июлга чейин ийримдер иш алып барышат.

«Оор кырдаалга туш болгон балдарды Ысык-Көл облусундагы жайкы лагерлерде эс алдыруу иш-аракеттери көрүлүп, шарттар каралууда. Ошондой эле жайкы лагердин программасында ар бир күндүн күндөлүгү жазылып, Чоң-Кемин табигый паркына, «Ашуу» эс алуу борборунун бассейнине алып баруу менен ар кандай мастер-класстар, көңүл ачуучу иш-чаралар өткөрүлөт. Буга улай райондун медицина тармагы балдар лагерлерин көзөмөлгө алат.

Мындан сырткары, биз жыл сайын «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду менен иш алып барабыз. Кичи-Кемин айыл өкмөтү тарабынан аталган фонддун колдоосу менен 10-июлдан 15-августка чейин «Коңур» жайлоосунда «Ынтымак» аттуу балдардын өнүгүү борбору ачылат. Аталган айыл өкмөт жана жайыт комитети тарабынан мастер-класс өткөн мугалимдердин эмгек акысы жана боз үйдүн ижара акысы төлөнөт», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up