«Алтын сертификат» албай калсам деле жашоом өзгөрмөк эмес, - бүтүрүүчү Данил Кочубей

Билим АКИpress - Талас шаарындагы №2 орто мектебинин бүтүрүүчүсү Данил Кочубей жалпы республикалык тестирлөөдөн 218 упай топтоп, «алтын сертификатка» ээ болду. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Данил 2002-жылы Талас шаарында төрөлгөн. Өзүнүн айтымында, тарбиялап өстүргөн ата-энесинин, билим берген мугалимдеринин мээнетин актап, ишеничин орундатсам деп үмүт кылат.

«2008-жылы 6 жашымда Талас шаарындагы №2 орто мектептин босогосун аттагам. Көптү жаттап, «отличник» болуп бүттүм деп айтпайм, бирок аракетимди билим алууга жумшап келгем. «4» деген баалар аралашып, мектепти «ударник» болуп бүттүм.

218 упай менен «алтын сертификатка» ээ болдум. Математика жаатындагы билимимди өркүндөтүп, туулуп-өскөн өлкөмө салым кошсом деп умтулам. Учурда Кыргыз-Орус Славян университетиндеги студенттердин катарына кошулдум. Ал жактан колдонмо математика жана информатика адистигин алып чыгам. Азыркы замандын перспективдүү кесиби болгондуктан жана математиканы жакшы өздөштүргөндүктөн ушул адистикке кадам алдым», - деди бүтүрүүчү.

Данил өзүнүн үй-бүлөсү тууралуу да айтып берди. «Ийгиликтеримдин себепчилери болгон ата-энем — бардык жерде менин таянычым. Атам Владимир Кочубей 1965-жылы төрөлгөн. Кесиби боюнча электрик. Учурда апам экөө дүкөн иштетишет. Апам Ирина Мысливцева 1964-жылы төрөлгөн. Кесиби боюнча флорист, 2 гүл дүкөнүндө иштеп, элге жагымдуу гүлдестелерди камдайт», - деди ал.

«Алтын сертификаттын» ээси болгонумду укканда менде кубануу сезимдери болду, бирок жакын адамдарым менден өтүп сүйүнүштү (күлүп). Мен кеминде 200 упай алам деп өзүмө ишенгем. Бирок «алтын сертификаттуу» болом деп ойлогон эмесмин. Былтыркы бүтүрүүчүлөрдүн тапшырмаларына баш багып көргөм. Мага кыйындай сезилген эмес. Аябай даярданган жокмун, 11-класстын башында математика боюнча даярдоо курсуна барып жүрдүм, бирок олимпиада башталганда курска бара албай калдым.

Олимпиадага даярданганым дагы чоң артыкчылыкты пайда кылды десем болот. Ушул жылы олимпиадада математика сабагынан республика боюнча 3-орунга татыдым. Ага чейинки турлардын баарында 1-орунду берген жокмун. Сыйлыктар менен катар электрондук китепчеге ээ болдум. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн арасынан мектебимден мен гана «алтын сертификат» алдым.

Кийинки бүтүрүүчүлөргө айтарым: тестте ашыкча толкундануу чоң катачылыкты алып келет. Ойду бир жерге жыйнап, убакытты туура колдоно билүүдө утуш болот. Өзгөчө, биринчи бөлүгүндөгү математика бөлүмүнө туура убакыт бөлүү керек, антпесе убакыт билинбей өтүп кетет.

Эгерде «алтын сертификат» албай калсам деле жашоом өзгөрмөк эмес. Университеттин сынагынан өтмөкмүн. Президенттин колунан «алтын сертификат» менен телефон алдым. Ал күн жашоомдогу жакшы элестерден болуп сакталат», - деп айтып берди ал.

Данил үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up