Лейлектеги окуучулар жыйкы эс алууну пайдалуу өткөрүүдө (сүрөт)

Билим АКИpress - Лейлек районунда балдар үчүн окуу лагерлери уюштурулуп, алар эс китепканаларда, музейлерде өткөрүлгөн иш-чараларга катышууда. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районундагы 32 мектепте жайкы окуу лагерлери уюштурулуп, ага 2 миң 400 окуучу тартылган.

«Алтын-Бешик» лагеринде 28-июндан 10-июлга чейин 96 окуучу эс алса, 10-июлдан тарта 100 окуучу эс алууну башташты.

Андан сырткары, Лейлек районундагы 32 бала бакчада райондук маданият үйүнүн, Сузак райондук маданият үйүнүн куурчак театрлары спектаклдерди көрсөтүп жатышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up