Алайлык окуучулар менчик мектепте түзүлгөн жайкы лагерде эс алышат (сүрөт)

Билим АКИpress - Алай районундагы мектептердин окуучулары жайкы эс алуу убактысын «Алай Жаннат» жеке менчик мектебинде өткөрүшөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган мектепте окуучулардын жайкы эс алуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Балдар 5 маал тамак ичип, орус жана англис тилдерин үйрөнүшөт.

Ар бир топто 40тан окуучу болуп, 10 күндөн эс алат. Окуучулардын мындай шартта эс алуусун уюштуруу демилгесин райондун акими Замирбек Молдокулов көтөрүп чыккан. Ар бир айыл өкмөттөн келген окуучулардын эс алуусуна жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү. Акимдин мындай демилгесине ата-энелер ыраазы болууда.

Бүгүн, 11-июлда аким балдарды жайкы эс алууга өзү узатты. Анын орун басары Бактыбек Осмонов балдар эс ала турган жерге чейин өзү коштоп барып, түзүлгөн шарттар менен таанышкан.

Андагы гимнастика жана машыгуу залы окуучулардын ден соолугун чыңдоодо өзгөчө ролду ойнойт. Эс алууга келген балдар Алайдын кооз аймактары менен да таанышат.

Буга чейин билим берүү тармагынын кесиптик кошуунунун демилгеси менен 30 бала Ноокат районундагы лагерде эс алып келишкен.

Лагердин директору Гүлжан Базарбаева окуучулар 2 топ менен эс алып, аларга 2 тарбиячы, атайын дене тарбия мугалими жана ашпозчулар кам көрө турганын айтты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up