«Менин апам – мугалим»: Тоо арасындагы кичинекей мектепте 25 жылдан бери эмгектенген Айнура Жылкыбаева

Айнура Жылкыбаева
Айнура Жылкыбаева

Айнура Жылкыбаева Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айылындагы Үсөн Бейшеев атындагы орто мектебинде география мугалими болуп эмгектенип келе жатат. Анын ишмердүүлүгү, сабак өтүүдөгү өзгөчөлүктөрү тууралуу уулу Өмүрбек уулу Канат айтып берди.

«Апам бул кесипти жан дүйнөсүндөгү терең ишеними, адам баласына болгон ички сүйүүсү менен тандап алган. 1994-жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин көркөм өнөр, чийүү факультетин бүтүрүп, мугалимдик эмгек жолун Ү.Бейшеев атындагы орто мектебинде баштаган. Алгач тарых сабагын окутса, 2005-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин сырттан окуп бүтүргөн. Учурда географиядан сабак берип жатат.

Апам дайыма: "Эмгек жолумду баштагандан кийин бул кесипти тандаганыма ыраазы болдум. Мугалим болуп иштеген күндөн баштап мен үчүн мугалим тарбиячы гана эмес, көрүнүктүү адам болуп калыптануу, өзүнүн идеялары, ой толгоолору менен кызыктыра ала турган, өзүнүн билими менен өнүгүүгө багыттай алуучу адам болушу абзел экенине ынандым. Менин мугалим болушума биринчи уям болгон ата-энем түрткү болду десем болот. Атам убагында мектепти жакшы окуп, бирок турмуш шартына байланыштуу андан ары улантып, билим албаганына дайыма өкүнчү эле. Мугалимдик кесипти жогору коюп, алардын эмгегин дайыма баалап, кадырлап турар эле. Ошол себептен мени да мугалим болууга багыттады", - деп айтат.

Окуучулардын билим сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнүн үстүндө талыкпай аракеттенип, өзү окуткан сабагынын жемиштүү, жугумдуу болушу үчүн тынымсыз аракеттенет. Ар бир сабакта темага ылайык көрсөтмө куралдарды өз колу менен жасап, окуучулардын кызыгуусун, ой жүгүртүүсүн шыктандырып, кызыктуу сабак өтөт.

«Билим берүү стандарттары», «Заманбап окутуу» программаларынын негизинде да талыкпай изденип, эмгектенет. Үлгүлүү тарбиялык сааттарды, кылмыштуулуктун алдын алуу, терроризм ж.б боюнча байма-бай сабак өтүп, класстан тышкаркы иштерди да өз деңгээлинде жүргүзөт. Иштеген жылдардан бери класс жетекчилик ишти да алып барат.

Терең билим, татыктуу тарбия берүү менен бирге мектептин география кабинетин заман талабына ылайык жасалгалаган. Кабинетиндеги методикалык бурчта ар бир сабактын иштелмелери, көптөгөн көрсөтмө каражаттар топтолгон.

Апам мугалимдик кесипти туу тутуп, окуучуларга мугалим бүткүл адамзаттын тарбиячысы, устаты экенин түшүндүрүп, өзү да мугалим болуп эмгектенгенине сыймыктанат. Эмгегинин сыймыгын да, сыйлыгын да көрүп, көптөгөн грамоталарды алып, «Эл агартуунун отличниги» деген наамдын ээси болгон.

Чарчаганды билбеген мээнеткеч мугалим, жаңы идеялардын демилгечиси, жаш мугалимдердин кеңешчиси, насаатчысы — бул менин апам. Тоо арасындагы кичинекей мектепке 25 жылдан бери болгон күчүн жумшап, адилет иштеп, ак кызмат кылган инсан — бул менин алтын апам. Анын ишмердиги кийинки муундарга өрнөк, үлгү боло алат. Азыр да өз билимин системалуу түрдө өркүндөтүп, талыкпай эмгектенип келе жатат», - деди Канат.

Сиз дагы мугалим апаңыз тууралуу жазып, Билим АКИpress сайтына жөнөтсөңүз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up