Кара-Суудагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн 10 күндүк эс алуу уюштурулду (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айыл аймагында жайгашкан «Ак-Терек» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда жайкы лагерь түзүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Анын маалыматы боюнча, райондогу 17 айыл аймактан социалдык жардамга муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекет тарабынан 10 күндүк эс алуу уюштурулган.

«Ак-Терек» борборунда учурда 170 окуучу эс алууда. 1-июлда балдардын 1-тобу келген. Аларга 8 мугалим таалим-тарбия берип, медайым ден соолугуна кам көрүп жатат.

Лагерде балдардын эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up