Жумгалдагы мектептер жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болууда (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун Жумгал райондук бөлүмү тарабынан райондун аймагындагы мамлекеттик мекемелер менен орто мектептер интернетке туташтырылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Чаек айылындагы М.Алыбаев, О.Ногойбаев атындагы мектептерде, Т.Турсунбаева атындагы гимназияда Байзак айылындагы А.Молдокеев, Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акиев атындагы мектептерде оптика кабели аркылуу жогорку ылдамдыктагы сапаттуу интернет кызмат көрсөтө баштады.

Мындан тышкары, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына, финансы, мамлекеттик статистика, прокуратура, райондук сот, ички иштер бөлүмдөрүнө жана Чаек айыл өкмөтүнө оптика кабелдери тартылып, интернетке туташтырылды. Ошондой эле банк жана чакан насыя берүү жайлары да интернет менен камсыздалды.

Жылдын аягына чейин калган мектептерди, мекемелерди жана айыл өкмөттөрдү интернетке туташтыруу иштери жүргүзүлөрү белгиленди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up