Бүтүрүүчүлөр жараксыз аттестаттарды алганына ким күнөөлүү? Билим берүү министринин жообу

Билим АКИpress - «Учкун» басмаканасы ката кетирген аттестаттарды өз эсебинен алмаштырат. Бул тууралуу «Жаңы жүздөр» гезитине берген маегинде билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бул жылы бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттардагы грамматикалык каталар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган.

Буга чейин аттестаттарда каталар табылган болчу — «жөнүндөгү» деген сөздө «н» тамгасынын ордуна «ң» тамгасы колдонулган. Андан тышкары, Нарын облусунун Туз айылындагы мектепте берилген аттестаттарда «реднюю» деген ашыкча сөз табылган.

Министр белгилеп өткөндөй, басмакананы аныктоочу тендерди министрлик эмес, Мамлекеттик каттоо кызматы өткөрөт.

«Аттестаттарга бөлүнгөн каражаттар МККнын бюджетинде, Билим берүү министрлигине бир тыйын да каралган эмес. Бул документтерди сынактын жыйынтыгында белгиленген тиражды басмакана басып чыгарат. Бул жылы жаз айында приоритетти менчиктин мамлекеттик үлүшү бар басмаканаларга берүү тууралуу маселе талкууланган. Бул мамлекеттик кызыкчылыктар. Өкмөттүн токтому чыгып, 3 басмакананы аныктаган. МКК алардын арасында өзүнүн сынагын өткөрүшү керек болчу. ММК «Учкунду» белгилеп, аттестаттарга буйрутма берген», - деди министр.

Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери ММК менен биргеликте баштапкы нускасы менен иштеп, бардык колдорду коюп, басмаканага өткөрүп беришкен. Эгер силер баштапкы нускасын карасаңар, кийин көйгөйлүү болуп чыккан тамга, бул жакта туптуура жазылганын көрөсүңөр. Ошондуктан «Учкунда» тамга эмне үчүн мындай болуп калганын, боёк менен эмне маселе болгонун айта албайм. Ушундай болду. Алар өз эсебинен аттестаттарды алмаштырат», - деп кошумчалады Г.Кудайбердиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up